Былтыр Чүйдө сол рулдууларга караганда оң рулдуу машиналар 2,5 эсе көп катталган

Жазылуу
Оң рулдуу автоунаалар эң көп Чүй облусунда катталган. Облус тургундары 13 миң 970 автоунааны каттаткан. Ал эми сол рулдуу автоунаалардан болгону 5 миң 682 гана катталган.

Архив: оң рулдуу унаа - Sputnik Кыргызстан
ЖК оң рулдуу унаа алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду
БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Кыргызстанда былтыр 116 миң 495 автоунаа каттоого алынганын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоого алынган автоунаанын 44 пайызы оң рулдуу автоунаа болуп саналат. Башкача айтканда, 51 миң 677 оң рулдуу машина катталган. Ал эми каттоого алынган сол рулдуу автоунаалардын саны 64 миң 818 даана.

Оң рулдуу автоунаа Чүй облусунда көп катталган. Облус тургундары жалпысынан 13 миң 970 автоунааны каттаткан. Ал эми сол рулдуу 5 миң 682 даана гана автоунаа катталган.

Бишкек шаарынын тургундары да оң рулдуу автоунааны жактырышат. Транспортту жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин маалыматына ылайык, борбор калаада былтыр 26 миң 596 оң рулдуу машина катталган. Ал эми сол рулдуу 24 миң 112 машина катталган.

Өлкөнүн түштүк аймагында жашагандар мыйзам боюнча бекитилген сол рулдуу машиналарды көп каттаткан. Башкача айтканда, сол рулдуу 13 миң 542 машина каттоого алынса, оң рулдуу башкаруудагы 3 миң 326 автоунаа гана катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0