06:03 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Памятник Ленина у администрации города Балыкчы

Балыкчы менен Исфана шаарларынын мэри 2015-жылдын 6-январында шайланат

© Фото / kudinov_dm
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
29 0 0

Борбордук шайлоо комитетинин чечимине ылайык, Балыкчы менен Исфана шаарларынын мэрин шайлоо 2015-жылдын 6-январында болот.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Балыкчы менен Исфана шаарларын мэрин шайлоо келерки жылдын 6-январына белгиленди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Боршайкомдун бейшемби күнү болгон жыйынында кабыл алынган. Шаар башчылыгына кимдер талапкер экени тууралуу маалымат азырынча жок.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо 2015-жылдын 6-январында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 2014-жылдын 11-декабрындагы буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков, 12-декабрындагы буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев, өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Тема боюнча

Оторбаев УБга өлкөнүн финансы рыногундагы жагдайды көзөмөлдөп турууга тапшырма берди
Жоомарт Оторбаев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолукту
Белгилер:
Шайлоо, Ташполот Козубаев, Мирлан Бообеков, Жоомарт Оторбаев, Исфана, Балыкчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ