Путин Мамдумага премьерликке Мишустиндин талапкерлигин киргизди

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин
Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Күч түзүмдөрүнүн жана ТИМдин башчыларын мамлекет башчысы Федерация кеңеши менен талкуулагандан кийин өзү дайындайт.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага өкмөт башчылык орунга Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында Мамдума төрагасы Вячеслав Володин Telegram каналына жазды.
"Президент Владимир Путин Мамлекеттик Думага Михаил Мишустиндин талапкерлигин өкмөттүн төрагалыгына сунуштады", — деп жазган ал.
Россия президенти Путиндин инаугурациясынан кийин Мишустин жетектеген өкмөттүн курамы ыйгарым укуктарын токтоткон. Өкмөттүн төрагасын Мамдума бүгүн бекитмекчи.
Мыйзам боюнча, өкмөт башчынын талапкерлигин парламент жактыргандан кийин президент бекитет. Жаңы премьер кызматына киришкенден бир жума кечиктирбей аткаруу кызматынын федералдык органдарынын түзүмүн мамлекеттин башчысына сунушташы керек. 14 күндүн ичинде премьер орун басарларынын, федералдык министрлердин талапкерлигин Мамдумага жөнөтөт. Буга күч түзүмдөрүнүн блогу менен ТИМ кирбейт, алар үчүн өзүнчө тартип бар.
Парламенттин төмөнкү палатасы бир жумадан калтырбай сунушталган талапкерлер боюнча чечим кабыл алат да, жактырылгандарды кызматка президент өзү дайындайт.
Коргоо министрлигинин, ФСБ, ИИМ, ӨКМ жана ТИМдин башчыларын Федерация кеңеши менен талкуулагандан кийин президент коет.
Президент Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Путин Мишустиндин өкмөтүнө ыраазычылык билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0