Кумшекерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого тыюу салуу сунушталды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКумшекердин үлгүлөрү. Архив
Кумшекердин үлгүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Кумшекер социалдык маанилүү азык-түлүк болгондуктан анын баасы жөнгө салынышы ыктымал экени айтылган.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандан ЕАЭБ аймагынан тышкары кумшекер экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн аталган продукцияга болгон муктаждыгы 145,7 миң тоннаны түзөт.
"Бүгүнкү күндө кампаларда 74 миң тонна кант бар. Россиядан 28,5 тонна ташып киргизүү квотасы менен 102,5 тоннага жетет. Баанын кескин өсүп кетишине жол бербөө үчүн жана Россия, Казакстан камыш (тростник) же кызылча кантын ташып чыгууга убактылуу тыюу салганын эске алып, кантты Кыргызстандан (реэкспортту, транзитти, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгууга 31-августка чейин тыюу салуу зарыл", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле кант социалдык маанилүү азык-түлүк болгондуктан ага карата баа мамлекет тарабынан жөнгө салынышы мүмкүн экени кошумчаланган.
Сатып алуучу тооктун жумурткасын супермаркетте тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Айыл чарба министрлиги жумуртка импортуна убактылуу тыюу салууну сунуштоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0