Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Малабаев: советтик жоокерлер адамзатты фашизмден сактап калган

© Sputnik / Асел АкматТарых илимдеринин кандидаты, педагог, тарыхчы Саламат Малабаев. Архив
Тарых илимдеринин кандидаты, педагог, тарыхчы Саламат Малабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, педагог, тарыхчы Саламат Малабаев Улуу Ата Мекендик согуштун адамзат тарыхында өзгөчө орду бар экенин белгиледи.
Гитлердин "Ост" аталышында генералдык планы болгон. Ага жер жүзүндөгү адамзатынын жарымын тукум курут кылып, жерлерди бошотуу кирген. Кырыла турган улуттардын сап башында славяндар туруп, булардын катарына Орто Азия элдери да кирген. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Малабаев: советтик жоокерлер адамзатты фашизмден сактап калган
Анын айтымында, фашисттик Германиянын "Ост" планы табияттын мыйзамына каршы келген, адамзат тарыхындагы эң ырайымсыз документ болгон.
"Улуу Ата Мекендик согуштун адам баласынын тарыхында ээлеген орду чоң жана башка согуштардан кескин айырмаланып турган өзгөчөлүгү бар. Тилекке каршы, XX кылымдагы бул эң ырайымсыз кан төгүү айрым улуттарды жер менен жексен кылып, соо калганына ээлик кылууну көздөгөн. Мындай ниет табияттын мыйзамына деле туура келбеген көрүнүш да. Эмне үчүн ал орус, кыргыз, өзбек же тажик болуп калганы үчүн эле кырылып кете бериши керек? Советтик жоокерлер мына ушундай фашисттик баскынчылыктан адамзат тукумун сактап калган. Совет эли 26 миллиондон ашык жоокеринен ажырап, эбегейсиз жоготууга учураган. Бирок элдин биримдиги, жетекчиликтин туура саясаты менен өзүнөн күчтүү армияны жеңе алган. Биз бул Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу, Улуу Жеңиш тууралуу маалымат таратууда, кийинки муунга жеткирүүдө мурдагы Советтик курамга кирген өлкөлөр бөлүнбөшүбүз керек, бирдиктүү саясат жүргүзүүбүз зарыл. Жаш муундар фашисттик максатты көздөгөн Гитлердин саясаты жөнүндө тарыхый чындыкка дал келген маалыматтарды билиши абзел", — деди Малабаев.
Ал мезгилдин өтүшү менен айрым учурларда пайда болуп жаткан туура эмес маалыматтарга жеткиликтүү көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0