Кайгы менен кубаныч кошулган ыйык дата. Удовиченко Жеңиш күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Элчи кан майданда орус, кыргыз, беларус, украин, казак, өзбек, тажик, түркмөн жана башка чоң өлкөнүн эли салгылашканын белгилеген.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 9-май — кайгы менен жеңиштин кубанычы кошулган ыйык дата. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирип, Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Ал куттуктоосунда кан майданда орус, кыргыз, беларус, украин, казак, өзбек, тажик, түркмөн жана башка чоң өлкөнүн эли салгылашканын белгилеп, Панфилов дивизиясынын эрдигин эске салган.
"Ата Мекенин фашисттик баскынчылардан коргогон улуу баатырларыбыздын эрдиктери унутулбайт, аны ыйык сактайбыз", — деген элчи.
Удовиченко согуш учурунда Кыргызстанда 30дан ашык өндүрүш ишканалары ачылып, аскердик госпиталдар уюштурулуп, кан төгүлүп жаткан жерлерден 300 миңге жакын адам эвакуацияланганын айтып, кыргыз элинин аркасы менен блокадада калган Ленинграддын жүздөгөн балдары аман калганын кошумчалаган.
РФ президенти Владимир Путин менен КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Путин Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0