Тынчтык үчүн кан төккөндөр унутулбайт! Садыр Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архив
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Өлкө башчы Улуу Жеңиштин келишине Кыргызстан да өзгөчө зор салым кошконун белгиледи.
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибиз эч качан унутулбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктоосунда айтылат. Өлкө башчынын сөзүн маалымат кызматы тараткан.
Жапаров фашисттик баскынчыларга каршы Улуу Ата Мекендик согуш бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя экенин, ошондуктан 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнүн мааниси зор экенин белгиледи. Анын айтымында, айрыкча бир туугандай бир катарда туруп, душманга каармандык менен бетме-бет чыккан элдер үчүн бул дата ɵтɵ маанилүү.

"Адам чыдагыс кыйынчылыктар, ачарчылык коштогон азап-тозок менен дээрлик төрт жылга созулган согуштан кийинки Улуу Жеңиштин келишине Кыргызстан да өзгөчө зор салым кошту. Республика бир тууган боордош элдердей эле 360 миңден ашуун уул-кызын согушка аттандырган. Бул ошол кезде өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен деген сөз. Мындан сырткары, 30 миңден ашык кыргызстандык өлкөдөн сырткаркы аскер-өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн. Согуштун оор жылдарында оорукта калгандардын баары күнү-түнү тыным албай эмгектенип, жеңиштин камсыз болушуна эбегейсиз жардам беришкен", — деди президент.

Жапаров Жеңиш оңойго турбаганына, жүз миңдеген киши майдан талаасынан кайтпай калганына токтолду.
"Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу Жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында Даңк орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз", — деди өлкө башчы.
Президент мезгил өткөн сайын кан күйгөн согушка катышкандардын, оорук эмгекчилеринин саны азайып жатканын белгиледи. Анын айтымында, эрдиги менен каармандыгы кылымдан-кылымга, муундан-муундарга үлгү катары айтыла берчү жалпы согуш ардагерлерин, оорук эмгекчилерин сыйлап алууга күч да, кудурет да, эрк да жетет.
Сөзүнүн соңунда өлкө башчы жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, молчулук, токчулук болуп, элибизди ынтымак ыроолоп, асманыбыз ар дайым ачык болушун каалаган.
Германиянын толук капитуляция болушу. Архивдик видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Германиянын толук капитуляция болушу. Архивдик видео
Жаңылыктар түрмөгү
0