Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Нарышкин Батыштын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айтканын сынга алды

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин
РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Франция Украинага өзүнүн чет элдик легионунан аскерлерди расмий жөнөткөнү боюнча маалымат тарап кетип, бирок аталган өлкөнүн ТИМи аны танган эле.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Батыш саясатчыларынын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айткан билдирүүлөрү болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликсиздик, муну чатакты ырбатуу катары караса болот. Бул туурасында Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новостиге айтып берген.
"Бул Батыш саясатчыларынын өтө жоопкерчиликсиздиги. Билдирүүнүн өзүн эле чатакты ырбатуу үчүн жасалган кадам деп билсе болот", — деген Нарышкин Батыштын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айтып жаткандарына комментарий берип жатып.
2024-жылдын февралында Макрон Евробиримдиктин мамлекет башчылары Украинаны орто жана алыс аралыкка атуучу ракеталар менен камсыздоочу "тогузунчу коалицияны" түзүүнү макулдашканын билдирген. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан. Ал кезде консенсуска келишпегени менен бул нерсени жокко чыгарууга да болбой турганын айткан.
Макрон жакында эле Economist басылмасындагы интервьюсунда эгерде Россия согуш чектерин бузуп кирип барса жана Украина суранса, ал нерсенин ыктымалдыгын билдирген. Анын айтымында, Франциянын аскер жөнөтүү боюнча айткандарына "көп өлкөлөр" макул болгон.
Мурдараак АКШнын коргоо министринин орун басарынын мурдагы жардамчысы Стивен Брайен Asia Times басылмасындагы колонкасында Франция Украинага өзүнүн чет элдик легионунан аскерлерди "расмий жөнөткөнүн" билдирген. Анын айтымында, 1500гө чукул жоокер Славянскидеги украиналык 54-өзүнчө механизациялаштырган бригадасын колдоо үчүн жиберилген. Бирок Франция ТИМи мындай маалыматты танган.
Буга чейин Америка Конгрессиндеги демократиялык азчылыктын лидери Хаким Жеффрис CBS News телеканалына америкалык аскерлердин Украинадагы чатакка катышарын четке какпай тургандыгын билдирген. Ал эгерде Киев жеңилүүгө дуушар болсо, Вашингтон өлкөнүн жок болуп кетишине жол бере албагандыктан жогорудагыдай сценарий да болуп кетиши мүмкүндүгүн боолгологон. Бирок муну менен катар эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэттью Миллер президент Байден америкалык аскер күчтөрү Украинага жиберилбей тургандыгын түшүнүктүү кылып айтканын билдирген.
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдепартамент Байден Украинага аскер жөнөтпөсүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0