Балдарга унаа бербегиле! Ош ШИИБи ата-энелер менен ишкерлерге кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа айдоо. Архив
Автоунаа айдоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматты айдоочулук күбөлүгү жок окуучуларга унаа берүүгө тыюу салынарын эскертти.
Маалыматта мектептерде 25-майда акыркы коңгуроо салтанаты болору айтылган.
"Бүтүрүүчүлөрдүн жол кырсыгына кабылуусун алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге окуучуларга унааны бербөө керектигин эскертебиз. Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Өспүрүмдөр жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен кесепети оор болгон фактылар да катталган", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мас айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылары, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандардын көлүгү убактылуу аянтчага токтотулуп 15 миң сом айып салынары кошумчаланган.
Бишкектеги Өчпөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
"Өчпөс полк" жүрүшүнүн токтотулушу. ИИМ түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0