Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленди. Видео

Жазылуу
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди.
Жеңиш аянтында жыйын-реквием болуп, ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Кыргызстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, парламенттин депутаттары жана башкалар катышты.
Иш-чара Өчпөс отко гүлчамбар жана гүл коюу, аза күтүү жана Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды.
Расмий өкүлдөрдүн сөзүнөн кийин Бишкек гарнизонунун аскер кызматкерлери салтанаттуу марш менен өтүштү.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн курал-жарак жана аскердик техниканын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Коргоо министрлигинин ашпозчулары 500 килограммдан ашык жоокер боткосун даярдашты.
Жеңиш күнүнө карата борбор калаанын ар кайсы аймактарында концерттер өтүүдө.
Тема боюнча:
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата студенттер концерт тартуулашты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0