Токаев ЕАЭБде тоскоолдуксуз болгон ички рынок түзүү тууралуу айтты

© Sputnik / Виталий Невар / Медиабанкка өтүүӨткөрүү пунтктун алдында турган жүк ташуучу унаалар. Архив
Өткөрүү пунтктун алдында турган жүк ташуучу унаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. ЕАЭБде бирдиктүү, тоскоолдук жаралбаган ички рынокту түзүү зарыл. Бул маселеге Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвада аталган уюмдун саммитинде сүйлөп жатканда токтолду.
Анын айтымында, ЕАЭБде бажы процедураларын эриш-аркак кылуу жолу менен бирдиктүү "евразиялык коридор" түзүү керек. Мындан сырткары, үзгүлтүксүз, кынтыксыз логистика зарыл.
Казакстан башчысы ЕАЭБ азыркыдай чалкеш дүйнөдө ийкемдүү болуп, майнаптуу иш алып барышы шарт экенин кошумчалады.
Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Кыргыз-казак чек арасында топтолгон фуралар боюнча ЕЭК комиссиясы келерин айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0