Кыргыз драма театры Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырат. Программасы

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры чыгармачылык гастроль менен Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Театрдын программасы:
11-майда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жалил Садыковдун калемине таандык "Төлгө" спектакли тартууланат;
12-майда "Саманчынын жолу" (Ч.Айтматов);
13-майда "Эр Төштүк" (Ж.Садыков);
14-майда "Кичинекей адамдын чоң трагедиясы" (А.Чехов);
15-майда "Темир аял" (Ш.Башбеков).
Спектаклдердин баары Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:30да башталат.
Андан соң гастролдор Жалал-Абад облусунда жана Алай районунда уланары кошумчаланды.
Кино тартып жаткан оператор. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Өлкөдө 17,8 млн сомго сериал тартуу пландалууда. Тендер жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0