FIFA биринчи жолу футзал боюнча рейтинг жарыялады. Кыргызстан кайсы орунда?

© Фото / пресс-служба Ассоциации футзала КРКыргызстандын футзал боюнча курама командасы
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 139 команданын ичинен 41-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) алгачкы жолу футзал боюнча рейтингди жарыялады. Буга чейин сайты түзүп келген.
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) зонасында кыргыз футзалчылары 10-орунду ээлешкен. Дүйнөдөгү эң күчтүү беш команданын катарына Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирди.
Соңку Азия кубогунда кыргызстандык футзалчылар чейрек финалга чейин жетип, күзүндө Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо ала албай калган.
Четвертьфинал Кубка Азии 2024. Кыргызстан — Иран - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Иранга утулуп, жүрүшүн токтотту
Жаңылыктар түрмөгү
0