Ажырым, бөлүнүү. Эл аралык валюта фонду дүйнө экономикасынын үч блогун атады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык Валюта Фондунун имаратынын алдында турган киши. Архив
Эл аралык Валюта Фондунун имаратынын алдында турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Россия менен Батыштын ортосундагы соода-сатык алакасы Украина чатагынан улам такыр эле үзүлгөнү белгиленген.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Геосаясий ар кыл таасирлерден улам дүйнө экономикасы АКШ, Кытайга таянгандарды жана ага байланбагандарды кошкондо үч блокко бөлүнүп калды. Бул туурасында Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) айтышканын РИА Новости жазды.
"Үч блокко бөлүндү деп каралгандар: АКШга таянгандар, Кытайга баш койгондор жана булар менен байланышы жок өлкөлөр блогу", — деп айтылган фонддун геосаясат жана дүйнөлүк соодага арналган докладында.
ЭВФтин берген баасына караганда, дүйнө экономикасынын өзүнчө топторго бөлүнүп кетиши товар сатуунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инвестициялардын чектелишин күчөттү. Булардын саны 2023-жылы үч миңден ашкан. Аталган уюм, мындан сырткары, 2017-2023-жылдары Кытайдын АКШдагы импорттук үлүшү Пекин менен Вашингтондун тирешүүсү күчөгөндөн улам 8 пайызга азайгандыгын белгиледи.
Фонд өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып, Россия менен Батыштын ортосундагы соода-сатык алакасы Украина чатагынын фонунда "ураганын" кошумчалады.
АКШ жана Кытайдын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
АКШ экономикалык жактан Кытайдан көз каранды болуп баратат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0