Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидерлигин бошотуп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.
Маалыматка ылайык, Мадумаров соттук териштирүүгө байланыштуу фракция жетекчилигинен кетүү боюнча арыз жазган.
Фракциянын жаңы лидери болуп депутат Исхак Масалиев, орун басарлыгына эл өкүлү Эмил Токтошев шайланды.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Депутат Жогорку Кенеша Эмиль Токтошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Эске салсак, Гуля Кожокулова фракциянын лидеринин орун басары болуп келген.
Буга чейин Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылган. Ага Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон.
Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди
Жаңылыктар түрмөгү
0