Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары тууралуу көргөзмө өтүүдө. Видео

Жазылуу
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына жана Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган.
Кыргыз чек арачылары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фашизм менен күрөштө эрдикти жана туруктуулукту көрсөтүшкөн.
21 чек ара заставасы ар кайсы жылдарда өлкө коопсуздугун камсыз кылган Кыргызстандын баатырларынын ысымдарын алып жүрөт. Дагы беш чек ара заставасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына аталган.
Улуттук тарых музейиндеги "Алар өмүрдү денеси менен калкалады" аталышындагы көргөзмө КРдин жана РФтин архивдериндеги материалдардын негизинде түзүлдү. Көргөзмөгө согуш мезгилиндеги эстелик буюмдар да коюлган.
Аларды КРСУнун кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароков алып барды.
Көргөзмө Улуттук тарых музейи, Кыргыз-Россия Славян университети жана "Гармония" орус маданий борбору тарабынан уюштурулган. КРдин эмгек сиңирген артисти Галина Кетованын жетекчилиги астында КРСУнун Маданият жана чыгармачылык жаштар борборунун адабий-музыкалык коштоосунда өтүүдө.
Тема боюнча:
Бишкекте Ленинград блокадачыларын шаңдуу куттукташты. Видео
Борбордо Жеңиш күнүнө карата Бишкек гарнизону салтанаттуу маршка даярданууда
Жаңылыктар түрмөгү
0