Өлкөдө жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды

© Sputnik / Владимир Корнев / Медиабанкка өтүүОюунчуктары менен ойноп жаткан бала. Архив
Оюунчуктары менен ойноп жаткан бала. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Буга калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшү себеп болгону айтылды.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 2022-жылга салыштырганда өлкөдө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балдардын саны 44,9 миңге азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган.
"Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөк пул алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү. Анын ичинен 278 миң 800ү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алышат. Анын орточо көлөмү 1 392 сомду түзөт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бала оюнчук менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ата-энесине жөлөк пулду көбөйтүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0