Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга учуп кетти. Коштоочулардын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Өлкө башчы Москвада ЕАЭБдин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышары белгиленген.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында өлкө башчы Москвада ЕАЭБдин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышары белгиленген.
Коштоп кеткендердин тизмеси:
министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Президент Садыр Жапаров учакка отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0