Путиндин жардамчысы 9-майдагы парадга кайсы өлкөнүн лидерлери келерин айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосквадагы Улуу Жеңишке арналаган парды. Архив
Москвадагы Улуу Жеңишке арналаган парды. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Москвада 9-май күнү өтө турган парадга сегиз өлкөнүн лидери барат. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, иш чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Куба, Лаос жана Гвинея-Бисау мамлекеттеринин лидерлери катышарын ырасташкан.
"Ошол эле күнү Владимир Путин Куба, Лаос жана Гвинея-Бисау лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ал эми Лаостун президенти Тхонглун Сисулит Дмитрий Медведев менен да жолугуп, Санкт-Петербургга барат", — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров учакка отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0