Борбор Азиядагы суу көйгөйү: өнүгүү сценарийи жана стратегиялар

© Фото / Михаил ДудинТоктогул суу сактагычынын суусунун азайышы. Архив
Токтогул суу сактагычынын суусунун азайышы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
География илимдеринин доктору Догдурбек Чонтоев Борбор Азия республикаларында 2040-жылга чейин суунун "стресси" үч эсе көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Афганстандагы Коштепа каналынын курулушу Кыргызстанды да тынчсыздандырууда. Бул тууралуу КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Ал бүгүн Бишкекте өткөн "Борбор Азиядагы гидроресурстардын тартыштыгы: аймактык жана эл аралык деңгээлдеги суу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору" аттуу конференцияга катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековКР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов
Секретарь Совета безопасности КР Марат Иманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов
Иманкуловдун айтымында, сугат сууга болгон суроо-талаптын өсүшү жана анын тартыштыгынын күчөшү Борбор Азиядагы калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет.
"БУУнун эсеби боюнча, чөлкөмдөгү өлкөлөр суунун тартыштыгынан 2 миллиард долларга чейин жоготууда. Кыргызстан үчүн мындай кырдаалдын негизги көйгөйлөрү болуп таза суунун азайышы, суу инфраструктурасынын өтө начарлашы, транс чек аралык суу бөлүштүрүү көйгөйлөрү жана суу чарба системаларынын толук реформаланбагандыгы саналат", — деди Иманкулов.
Кыргызстандын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмазбек Сокеев мамлекет тарабынан ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүгө жана оңдоого кеткен чыгымдар 7-8 эсеге көбөйгөнүн белгиледи.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмазбек Сокеев
Брифинг Как предотвратить нехватку воды в 2024 году - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Кыргызстандын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмазбек Сокеев
"Тармактарыбыздын 40 пайызга жакыны начар абалда. Жабык сугат үчүн пайдаланылган каналдардын 70 пайызы оңдоп-түзөөгө жана тазалоого муктаж. Ошентсе да мамлекеттин аракетинин негизинде калк суу менен мурдагыдан 40 пайызга көп камсыз болду. Мындан сырткары, коңшулар менен кызматташып келебиз. Өзбекстан менен Касан-Сай суу сактагычын реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат, жакында эле Казакстан менен Батыш ЧЧКны биргелешип бетондоо боюнча келишим түзүлдү", — деди Сокеев.
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору Догдурбек Чонтоев Борбор Азия республикаларында 2040-жылга чейин суунун "стресси" үч эсеге көбөйүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.
© Sputnik / Асел АкматУлуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору Догдурбек Чонтоев
Директор Института водных проблем и гидроэнергетики НАН, доктор географических наук, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору Догдурбек Чонтоев
"Казакстан бир нече жылдан кийин суунун таңсыктыгын тартат, сугат жана ичүүчү суунун жетишсиздиги аймактагы азык-түлүк, энергетика жана экологиялык коопсуздукка терс таасирин тийгизет. Бул өтө татаал процесс болсо да өлкөлөр суу-энергетика тармагындагы кызматташуу механизмдерин биргелешип иштеши керек", — деди Чонтоев.
Туристтер мөңгүнүн жанынан өтүп бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Мөңгүнүн эриши, суу тартыштыгы. Кыргызстандагы кооптуу климаттык өзгөрүүлөр
Жаңылыктар түрмөгү
0