Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Конституциялык сотко кайрылган жеке тараптардын саны көбөйдү

© Sputnik / Асылбек БактыбековКонституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова
Конституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Конституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова Конституциялык сотко жеке жарандардын кайрылышы татаал экендигин айтты.
Өткөн жылы Конституциялык сотко 200гө жакын кайрылуу түшүп, анын 87 пайызын жеке жарандар түздү. Бул тууралуу Чынара Айдарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Конституциялык сотко кайрылган жеке тараптардын саны көбөйдү
Анын айтымында, мамлекеттик органдардан, юридикалык жактардан жана судьялардан да кайрылуулар келген, бирок анын үлүшү өтө аз.
"2021-жылы күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлгөн. Бул мекеме Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик-укуктук актылардын Конституцияга ылайык келиши тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет. 2010-жылга чейин Конституциялык сот болуп келген. Эми кайрадан ошол макамды алып ишин улантууда, жылыштар бар. Былтыр Конституциялык сотко 200гө жакын кайрылуу түшүп, анын 87 пайызын жеке жарандар түздү. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардан, юридикалык жактардан жана судьялардан да кайрылуулар келген, бирок анын үлүшү өтө аз. Негизи Конституциялык сотко жеке жарандардын кайрылуусу абдан кыйын жана талаптары татаал", — деди Айдарбекова.
Ошондой эле адис Конституциялык соттун алдында укуктук маданиятты жогорулатууну улантуу, жеке жана юридикалык жактарга ар кандай формада конституционализмдин негиздери тууралуу маалымат берүү ишине көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0