Ландшафт дизайнери бак-дарактын түбүн качан актоо керектигин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБакктын түбүн актап жаткан киши. Архив
Бакктын түбүн актап жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Адис мындай ыкма кышында да, жазында да бак-даракты түрдүү зыянкеч, инфекциялардан коргой турганын билдирген.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бак-дарактын түбүн күздө да, жазда да актоо керек. Бул тууралуу ландшафт дизайнери Ольга Воронова Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
"Ал түшүндүргөндөй, дарактын дүмүрүн күздө актоо менен суук түшкөн маалдан коргойбуз. Себеби катуу суук болгондо анын кабыктарында жарака кетип, түрдүү инфекция кириши мүмкүн. Мындан улам дарак бара-бара куурап калышы ыктымал. Ал эми жазында бактериялык инфекциялар сөңгөктөн өйдө көтөрүлбөшү үчүн акташат", – деген Ольга Воронова.
Мындан тышкары, дарактын түбүн актоо менен аны түрдүү зыянкечтерден да коргоого болот.
"Дарак чоңбу, кичинеби, көлөмүнө карабай баарынын түбүн актоо сунушталат. Акиташ анын өсүшүнө эч кандай терс таасир бербейт", – деген эксперт.
Ал ошондой эле аба өткөргөн, бирок жамгырда дароо жуулуп кетпей турган акиташ аралашмаларын тандап алуу сунушталарын кошумчалаган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Канат Дабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Радио
"Жашыл мурас": быйыл 8,5 млн. көчөт отургузуу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0