Сузактагы кырсык. Жабыркагандардын саны 35ке жетти

© Фото / пресс-служба Минздрава КРСаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузакта жабыркагандардын абалы менен таанышты
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузакта жабыркагандардын абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
48 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Сузактагы "Портердин" айдоочусуна Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
Ага ылайык, 48 жаштагы шектүү Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
© Фото / пресс-служба Минздрава КР

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти - Sputnik Кыргызстан
1/2

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти

© Фото / пресс-служба Минздрава КР

Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.

Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.

1/2

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти

2/2

Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти. Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды "Портер" унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
ООруканадагы колу таңылган бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Ошто өспүрүмдөр аз жерден бети-колун техникага алдырып жибере жаздаган
Жаңылыктар түрмөгү
0