Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калыбеков: "Дүйнөлүк адабият институту" уюму алгач Россия менен иштейт

© Фото / Данияр Жаркынбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков котормо багытында иш алып бара турган "Дүйнөлүк адабият институту" деп аталган уюм түптөлгөнүн маалымдады.
Кыргыз окурмандары дүйнөлүк адабиятты орус тили аркылуу тааныдык. Бул тарыхый фактыны тана албайбыз. Мындай пикирин Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Калыбеков: "Дүйнөлүк адабият институту" уюму алгач Россия менен иштейт
Анын айтымында, жаңы түзүлгөн "Дүйнөлүк адабият институту" уюму алгач орус калемгерлери менен кызматташат.

"Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы кызматынан кеткен соң 10 жылдан ашык багып жүргөн идеямды ишке ашырууга белсенип, эки жаш калемгер менен биргеликте "Дүйнөлүк адабият институту" деген коомдук уюм түптөдүк. Максатыбыз — дүйнө адабиятын которуп кыргыз окурмандарына тартуулоо жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын дүйнөгө таанытуу. Алгач ишти россиялык кесиптештер менен баштоого камынып турган чагыбыз. Ал үчүн Россиянын Котормо институтунун жетекчиси Евгений Резниченко менен меморандумга кол койдук. Россиялык кесиптештер Россотрудничество уюштурган адабий талкууга келишкен эле. Дүйнөлүк адабиятты кыргыз окурмандары орус тили аркылуу тааныганбыз. Кыргыздын Манасын дүйнө орус тили аркылуу билип отурат. Андыктан орус тилининин дүйнөлүк адабияттагы орду чоң. Эгемендүүлүк алганы алардын азыркы мыкты жазуучуларын биз билбей, биздин Чыңгыз Айтматовдон кийинки калемгерлерди алар тааныбай калды. Биз мына ушул багытта иштеп, көркөм адабияттагы котормо иштерин колго алсак дейбиз, — деди Калыбеков.

Ал учурда кыргыз адабиятында көркөм котормо аксап турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0