Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбеталиев: фермердин эмгеги акталбай, жүн кампада жыйылып жатат

© Sputnik / Самрат КарачевСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн башкы адиси Жумабек Мамбеталиев
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн башкы адиси Жумабек Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн башкы адиси Жумабек Мамбеталиев жүндү кайра иштетүү иши тууралуу айтты.
Жүндү кайра иштетүүчү камволдук-нооту комбинатын ишке берүү үчүн 8 миллион евро керек. Комбинат иштесе уяң жүндүү койлордун жоголуп кетүү коркунучунан арылабыз. Бул тууралуу Жумабек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамбеталиев: фермердин эмгеги акталбай, жүн кампада жыйылып жатат
Анын айтымында, жыл сайын уяң жүндүү койлор азайып, өндүрүү төмөндөп бара жатат. Муну жүндү кайра иштетүү менен жолго койсок болот.

"Уяң жүн эң баалуусу болуп саналат. Андан кийин жарым уяң жүн, жарым кылчык жана акыркы орунда кылчык жүн турат. Союз мезгилинде уяң жүндү өтө көп өндүрүп, жылына 30 миң тоннадан ашык жүн кайра иштетилчү. Ал эми азыр 800-900 тонна гана өндүрүлүүдө. Жүндү көбөйтөлү десек, сатуу маселеси кыйын болуп турат. Токмокто "Касиет" камволдук-нооту комбинаты бар эле. Анын токтоп калышы маселе жаратты. Ал эми чет мамлекетке экспортко чыгаруу үчүн 10 миң тоннадан жогору көлөм болушу шарт. Эми майдын аягында кыркын башталат. Фермерлер да киреше көрбөй, жүндөрдүн баары азыр кампаларда сакталуу турат. Жыл өткөн сайын сапаты бузулуп, баасы түшөт. Кыскасы, өзүн актабай жатат. Ошол себептен министрлик да бул жаатта иштеп жатат. Камволдук-нооту комбинатынын да бизнес-долбоору бар. Ага 8 миллион евро керек экен. Фабрика кайрадан калыбына келип иштей баштаса фермерлер өзүлөрү эле уяң жүндүү койду багууга өтөт. Уяң жүндүү койдун жүнү гана эмес эти да сапаттуу", — деди Мамбеталиев.

Адис бул тукумдагы койлордун жоголуп кетүү коркунучу бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0