Пенсиянын топтомо бөлүгүн баалуу металлдарга инвестициялоого уруксат берилди

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Соцфондго пенсиянын топтомо бөлүгүн баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина) жана баалуу кагаздарга инвестициялоого уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгону айтылган. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган.
"Мыйзамдын максаты ар багыттуу инвестициялоо аркылуу пенсиялык топтоо каражатынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу болуп саналат. Пенсиялык топтоо узак мөөнөткө инвестициялана турганын эске алып, аларды баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) жана баалуу кагаздарга инвестициялоо мыйзам менен каралат", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам ошондой эле Социалдык фондго резерв түзүү милдетин да камтый турганы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, учурда Соцфонд топтолгон каражатты банктык депозиттерге жана мамлекеттик баалуу кагаздарга салат. Ведомство бул практиканы "консервативдик инвестициялык саясат" деп атаган.
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Пенсиясы жок жөлөк пул алган баатыр энелерге 5000 сом кошулсун. ЖК токтому
Жаңылыктар түрмөгү
0