Казакстан ИИМинин мурдагы жетекчиси Ерлан Тургумбаев кармалды

© Фото / Министерство внутренних дел КазахстанаМурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев. Архив
Мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
2022-жылдын январь айындагы каргашалуу окуяларга байланыштуу кылмыш иштерин тергөө уланып жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 2022-жылдагы январь окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурага шилтеме кылып Sputnik Казакстан билдирди.
Ал кечээ, 29-апрелде, 2022-жылдын январь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган.
"Мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жасаган аракеттери (Кылмыш кодексинин 4-бөлүгү, 362 беренеси) оор кесепеттерге алып келген. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 128-беренесине ылайык кармалды", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура белгилегендей, кылмыш ишинде мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар бар жана сотко чейинки тергөөнүн маалыматтары Казакстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 47 жана 201-беренелерине ылайык, ачыкталбайт.
Атайын күчтөрдүн кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Кыргызстандан колго түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0