Ишкер 123 миң долларды жасалма 124 миң долларга "алмаштырган". Иш козголду

© Фото / пресс-служба МВД КРЖасалма доллардын ири партиясы
Жасалма доллардын ири партиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Банкноталар түстүү лазердик принтерде басылып чыкканы айтылды.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жасалма акчанын ири партиясын таратууга шектүү кармалганын ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январында ишкер КМШ өлкөлөрүнүн бирине 123 миң доллар жөнөткөн, аны курьер жеткирген.
"Бир аз убакыттан кийин чет өлкөдөн сумманын үстүнө миң доллар кошулуп, 124 миң доллар кайтарылган. Бирок акчалар жасалма болуп чыккан. Жабырлануучу арыз менен милицияга кайрылган. Факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен киши козголгон. Экспертиза банкноталар түстүү лазердик принтерде басылып чыкканын көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү кармалып, тергөө абагына камалганы кошумчаланды.
Трансулуттук кылмыштуу топтун кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Тажикстандан баңгизат ташыган трансулуттук кылмыштуу топтун иши бөгөттөлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0