Дагы 10 жыл. Зеленский АКШ менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүү жасады

© AFP / TOBIAS SCHWARZУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Анткен менен Киев коопсуздук боюнча бул документти башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу "күчтүүрөөк" кылганга аракеттенүүдө.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Украина АКШ менен Киевди дагы 10 жыл аскердик жана финансылык жактан колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында РИА Новости Владимир Зеленский өзүнүн видеокайрылуусунда айтканын жазды.
Анын айтымында, сүйлөшүү коопсуздук жаатында эки тараптуу түзүлгөн кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында жүрүүдө. Анткен менен Киев коопсуздук боюнча бул документти башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу "күчтүүрөөк" кылганга аракеттенүүдө.
"Быйыл жана алдыдагы 10 жылда колдоонун конкреттүү деңгээлдерин карап, белгилеп туруу боюнча да иш алып барып жатабыз. Анын ичинде куралдануу жактан көмөк кылуу, финансылык, саясий жана курал-жаракты биргелешип чыгаруу бар", — деген Зеленский.
Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак Бириккен Падышалык Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү сунуштаарын, ал кеминде мындай деңгээлде ушул 10 жылдыктын соңуна чейин уланарын билдирген. Январда британиялык премьер Киевге жасаган сапарында 2024-жылга 2,5 миллиард фунт көлөмүндө ири жардам бөлүнө тургандыгын айтып, Зеленский менен коопсуздук жаатындагы кызматташууга кол койгон. Келишим 10 жылга эсептелип, бул мезгил аралыгында Улуу Британия Украинаны колдоп турууга милдеттенме алган.
Киев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиндер же согушсун, же токтотсун. Француз генералынын кескин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0