Кыргызстан Россиядан бензинди көп сатып ала баштады

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүНефть жана күйүүчү май ташуу үчүн темир жол цистерналары. Архив
Нефть жана күйүүчү май ташуу үчүн темир жол цистерналары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан бензинди көп сатып ала баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, январь-февраль айларында республика дээрлик 35 миллион долларга бензин сатып алган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп.
Белгилей кетсек, Россия — ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанды бензин менен камсыз кылган жападан жалгыз өлкө.
Май куюучу станциянын иштеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Пресс-борбор
Кыргызстанда жаңыланып жаткан эки заводдон К-4 жана К-5 классындагы бензин чыгат
Жаңылыктар түрмөгү
0