Бир катар шаарлар ирилештирилип, Араван менен Гүлчө райондук маанидеги калаа болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын картасы. Архив
Кыргызстандын картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Мыйзам долбоору сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыкканы маалымдалды.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бир катар шаарлар ирилештирилип, Араван жана Гүлчө райондук маанидеги калаа болуп түзүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.
Аталган мыйзам сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен 235 ирилештирилген айыл аймактары, Бишкек жана Ош шаарларынын административдик аймактары түзүлгөнү айтылган.
"Каракол, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Чолпон-Ата, Кербен, Таш-Көмүр, Айдаркен шаарлары айыл аймактарынын эсебинен ирилештирилип жатат. Мындан тышкары, Чүй облусунун Кант жана Кара-Балтага облустук маанидеги шаарлардын статусу берилип, Шамалды-Сай поселогу Таш-Көмүрдүн курамынан чыгарылып, Ноокен районунун курамында райондук маанидеги шаар болуп түзүлүүдө. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы менен Ош облусунда райондук маанидеги Араван жана Гүлчө калаалары түзүлүүдө", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын, Бишкек жана Ош калааларынын административдик-аймактык чек араларын түзүү жана бекитүү каралганы кошумчаланган.
Мыйзам долбоорун толугу менен шилтеме аркылуу кирип окуса болот.
Кыргызстан картасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Кыргызстанда 452 айыл өкмөттүн жарымы жоюлуп, 8 шаар кеңеет
Жаңылыктар түрмөгү
0