Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкек бир нече өлкөнүн кино өнөрүнүн борборуна айланат

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалынын координатору Саадат Казакбаева
Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү кинофестивалынын координатору Саадат Казакбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалынын координатору Саадат Казакбаева кинофестивалга катышкан режиссерлордун тең жарымы кыз-келиндер экендигин айтты.
Бишкек КМШ, Балтика боюндагы жана Грузия өлкөлөрүнүн кино өнөрүнүн борборуна айланат. Бул тууралуу Саадат Казакбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкек бир нече өлкөнүн кино өнөрүнүн борборуна айланат
Анын айтымында, бул жылы фестивалга эксперименталдык кино багыты боюнча да катышкандар бар.
"Бишкекте XII эл аралык КМШ, Балтика боюндагы жана Грузия өлкөлөрүнүн "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы башталды. Бул жылы иш-чара Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти, жогорку категориядагы анимациялык фильмдердин режиссеру Сагынбек Ишеновдун 90 жылдыгына арналган. Негизги максатыбыз — Бишкекти КМШ, Балтика боюндагы жана Грузия өлкөлөрүнүн кино өнөрүнүн борборуна айлантуу. Быйыл абдан көп эмгек келип түштү. Көбү үй-бүлө баалуулуктарына байланышкан темаларды сунушташкан. Мындан тышкары, эксперименталдык кино багыты боюнча да катышкандар бар. Фестивалдын дагы бир маанилүү милдети — КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө", — деди Казакбаева.
Адис ошондой эле мындай аянтчалар кыргыз киносунун жаңы кырларын ачууга эң сонун мүмкүнчүлүк экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0