ЖК шайлоосу: үч округдагы добуш берүү боюнча алдын ала маалыматтар

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоодо добуш берүү учурунда кишилер. Архив
Шайлоодо добуш берүү учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Маалыматтар автоматтык түрдө эсептеген урналардан түшкөн.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. БШК бир мандаттуу үч округдан Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматтар автоматтык түрдө эсептеген урналардан түшкөн.
Ал азырынча төмөнкүдөй:
Баткен округу — 41,94% менен Бактыяр Калпаев алдыда;
Ош округу — 45,83% Бекмурза Эргешовго таандык;
Кара-Суу округу — 37,26% менен Илимбек Кубанычбеков алдыда.
Бардык жерге шайлоого келгендер көрсөткүчтөр менен эсептей келгенде 20 пайыздан кем болууда. Белгилей кетсек, акыркы, аныкталган жыйынтык бюллетендер кол менен саналгандан кийин чыгат.

Шайлоонун төркүнү

2024-жылдын февралында Ош жана Кара-Суу райондорунан шайланган Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырары боюнча арыз жазган. БШК алардын депутаттык укуктарын токтоткон.
13-мартта БШК Баткен облусунан шайланган Айбек Осмоновду берген арызынын негизинде мандатынан ажыраткан. Февралдын соңунда ал эмгек өргүүгө чыгып, Түркияга дарыланууга кеткени айтылган.
Кыргызстандагы шайлоодо электрондук паспортторду колдонуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Кыргызстанда добуш берүүдө биринчи ирет электрондук паспорт пайдаланылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0