Украинанын Ровно шаарында нацизмди жеңгендерге коюлган эстелик алынды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЭстелик. Архивдик сүрөт
Эстелик. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Киев деккоммунизация тууралуу мыйзамды 2015-жылы кабыл алган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Украинанын Ровно шаарында советтик жоокерлерге, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына коюлган эстелик алып салынды. Бул тууралуу Ближнее зарубежье Telegram каналы билдирип, видеосун жарыялады.
Башка ЖМКлардын жазганына караганда, аталган эстелик Даңк дөбөсүндө 40 жыл мурун тургузулган. Эми шаар жетекчилиги айкелди алып, жерди түздөп жатат. Маалыматтарда эстелик турган жерде музей ачуу пландалып жатканы айтылган.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Украинада деккоммунизация тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ошондон кийин советтик эстеликтерди, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына да арналган айкелдер жапырт алына баштаган болчу.
Жазуучу жана акын Александр Пушкиндин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Полтавада Пушкин менен Ватутинге коюлган эстеликти алып салышты
Жаңылыктар түрмөгү
0