Өлкөдө көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭгиз балдары менен сейилдеп жургон үй-бүлө. Архив
Эгиз балдары менен сейилдеп жургон үй-бүлө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
Коңшу өлкөлөрдө төрттөн ашык балалуулар көп балалуу эсептелери белгиленген.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өлкөдө көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда, ага төрт жана андан көп балалуулар кирет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков демилгеледи.
Салыштырма таблицада көрсөтүлгөндөй, азыркы мыйзамда көп балалуу эне түшүнүгү — беш же андан ашык уул-кызды төрөп, тарбиялагандар.
"Бул түшүнүктү киргизүү көп балалуу үй-бүлөлөргө министрлер кабинети аныктаган тартипте кошумча социалдык жеңилдиктерди алууга мүмкүнчүлүк берет", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Ошондой эле Казакстан, Өзбекстанда бул категорияга төрттөн ашык балалуулар (соцкепилдиктер берилет), Россияда регионго жараша үчтөн ашык чүрпөсү барлар кирери белгиленген.
Аял сом купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Министрлик өкмөттөн акча алып ишкерлик кылчуларга каржы сабаттуулугун үйрөтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0