Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендин согуштун ардагери. Архив
Улуу Ата Мекендин согуштун ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
Акча президенттик фонддон бөлүнмөкчү. 1-апрелге карата ардагерлердин жалпы саны 41 адамды түзөт.
БИШКЕК, 26-ппр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлө турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Чечим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынган.
"2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт. Тескемеге ылайык, 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө президенттик фонддон 4 миллион 141 миң сом бөлүү тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Каражат бөлүнө турган категориялар:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга.
Согуш ардагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет. Өлчөмү
Жаңылыктар түрмөгү
0