Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Казиева: Искусство университетинде куурчак театрынын адистери даярдалат

© Sputnik / Асылбек БактыбековБүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин искусство факультетинин деканы Созул Казиева
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин искусство факультетинин деканы Созул Казиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин искусство факультетинин деканы Созул Казиева аталган окуу жайда музей кызматкери адистиги боюнча билим алса болорун айтты.
Биздин окуу жайда куурчак театрынын артисттери жана музей адиси боюнча билим алса болот. Бул тууралуу Созул Казиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Казиева: Искусство университетинде куурчак театрынын адистери даярдалат
Анын айтымында, музей кызматкери адистигин тандаган абитуриенттер аз болууда.
"Биздин окуу жай университет статусун алгандан бери бир топ өзгөрүүлөр жакшы жагына жүрүп жатат. Тапшырган студенттердин саны көбөйүп, жаңы багыттар ачылып, билим берүүгө болгон талап жогорулап, өнүгүү жолундабыз. Бирок жаңы ачылып жаткан багыттардын арасында музей адистиги, куурчак театр актеру кесиптерине жаштардын кызыгуусу солгун болууда. Ошону менен катар эле театр жана кино актерлугу боюнча билим берүүдө кубанычтуу кадамдарыбыз бар. Жакында окуу жайдын ректору "Манас" театры баштаган бир топ драмалык жана башка борбордогу, аймактардагы театр жетекчилери менен меморандумдарга кол койду. Эми ага ылайык, биздин студенттер өндүрүш тажрыйбасынан сырткары убакта да чыныгы театр дүйнөсүнө аралашып, тажрыйба ала алышат. Бул — жаш таланттар үчүн чоң мүмкүнүчүлүк", — деди Казиева.
Ал окуу жай келечекте дизайн багыты боюнча студенттерди кабыл алууну пландап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0