Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Кыргыз кийиз" жылына кеминде 400 миң тонна жүндү кайра иштетүүгө даяр

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргыз кийиз" ишканасынын директору Марияна Абдуллаева
Кыргыз кийиз ишканасынын директору  Марияна Абдуллаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
"Кыргыз кийиз" ЖЧКсынын директору Марияна Абдуллаева жыл ичинде кошумча дагы 150 кызматкерди жумушка алууну көздөп жатканын айтты.
Ишкананын "Кыргызиндустрия" ААКсынын алдында түзүлүшү бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, "Кыргызстанда жасалган" бренди менен эл аралык рынокко чыгууга, долбоордун масштабын кеңейтүүгө, малчылар менен тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу Марияна Абдуллаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Кыргыз кийиз" жылына кеминде 400 миң тонна жүндү кайра иштетүүгө даяр
Анын айтымында, компания азыртан эле толук кандуу ишке киришип, жүндөн жасалган продукциянын ассортиментин кеңейтүүнү пландаштырууда.
"Жүн — баалуу товар. Андан жасалган буюмдар чоң суроо-талапка ээ. Бирок ушул убакка чейин жүндү кайра иштетүүгө жана андан кийиз буюмдарын жасоого мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келген. "Кыргыз кийиз" ишканасынын келечеги кең деп ишенем. Бүгүнкү күндө малчылардан жүн ала баштадык. Кабыл алуу пунктулары иштеп, жүндү жууп тазалоочу, тытып, кайра иштетүүчү жабдууларды толук кубаттуулукта ишке киргиздик. "Кыргыз кийиз" ЖЧКсы жыл сайын жүндүн боз, ачык, кара жана меринос түрлөрүн алып, жылына кеминде 400-500 миң тонна жүндү кайра иштетүүгө даяр. Ишкана алдыда жүндөн жасалган продукциянын ассортиментин кеңейтүүнү пландаштырууда. Улуттук баш кийим, боз үй, шырдак, ала кийиз жана башка этникалык стилдеги буюмдарды жасоону каалагандар үчүн даяр сырье, мындайча айтканда, кийиз чыгарабыз. Ишканага үч кабаттуу имарат бөлүндү. Жыл ичинде кошумча дагы 150 кызматкерди ишке алууну пландап жатабыз", — деди Абдуллаева.
Ал долбоорду ишке киргизүүгө министрлер кабинетинин, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, мамлекеттик фонддордун жана банктардын колдоосу чоң жардам бергенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0