Банктык карта менен алдагандар. ИИМ шылуундардан сак болууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык карта жана акча. Архивдик сүрөт
Банктык карта жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Соңку убакта банктык картадан алдамчылык жол менен акча уурдаган фактылар көбөйгөнү айтылды.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды банк карталарынан акча уурдаган шылуундардан сак болууну эскертти.
Мекеменин маалымат кызматы белгилегендей, акыркы мезгилде банк кызматкеримин деп телефон чалып, ар кайсы себеп, шылтоолорду айтып банктык картанын номерин жана кодун сурап, андагы акчаны уурдаган фактылар көбөйүүдө.
"Тааныбаган жана белгисиз номерлерден чалып банктык карта тууралуу сураса ишенип албаӊыздар жана көрсөтүлгөн сандарды айтпаӊыздар", — деп жазылат ИИМдин маалыматында.
Ошондой эле мекеме үч ай ичинде облус аймагында телефон, автоунаа, акча жана интернет тармактары аркылуу алданган 90дон ашуун арыз катталып, жарандар ири өлчөмдөгү материалдык зыян тартканын кошумчалады.
ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскерткен видеоролик жарыялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскерткен видеоролик жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0