Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Элчи: АКШнын ATACMS Россияга каршы колдонулбайт дегени калп

© AP Photo / Sgt. 1st Class Andrew DicksonATACMS ракеталары. архив
ATACMS ракеталары. архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Буга чейин Пентагон Киевге өтө алыска атылуучу ATACMS ракеталарын "Украинанын суверендүү аймагынын чектеринде" колдонуу үчүн бергенин тастыктаган.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Киевдин ATACMS ракеталарын РФтин аймактарына сокку уруу үчүн колдонбойбуз деген убадасын калп деп атады. Бул туурасында РИА Нвости жазды. https://ria.ru/20240425/obeschanie-1942173793.html
Мурдараак Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШ ATACMS ракеталарын өзүнүн аймагынан сырткары колдонбоо тууралуу убадаларына Украина бекем турарына ишенгенин айткан эле.
"Украиналык "кардарлары" АКШнын ракеталарын россиялык аймактарга кое бербесине убада кылган деп бекемдегени уят, жийиркенерлик. Мындай калп кимдин көңүлүн жайгарат? Киев кылмышкерлеринин улам жасалып жаткан терактыларын кантип байкабай коюуга болот? Ооруканаларга, мектептерге, бала бакчаларга, көпүрөлөргө, ал тургай өзүнүн аскерлерине урулуп, өлүм алып келип жаткан чабуулдарчы? Айтмакчы, бизге пайда алып келбей турган маалыматтарды жазып жүргөн ЖМКлар да алардын эки жүздүүлүгүн жана россиялык шаарларга коюлган чабуулдарын белгилеп жатышат", — деген Антонов журналисттерге.
Шаршембиде Пентагон РИА Новостиге Киевге өтө алыска жете турган ыкчам-тактикалык ATACMS ракеталарын "Украинанын суверендүү аймагынын чектеринде" колдонуу үчүн бергенин тастыктаган. ЖМКларда жазылгандарга көз жүгүртсөк, украиналыктар Россиянын тереңде жайгашкан тылындагы бута үчүн аны эки ирет колдонушкан. Мындан сырткары, Коргоо министрлиги аскерлер Кара деңиздин үстүнөн үч ATACMS ракеталарын тосконун кабарлаган.
ATACMS — Lockheed Martin компаниясы жасаган өтө алыска жете турган ыкчам-тактикалык баллистикалык ракета. Аны реактивдүү түзүлүштөгү залптык, анын ичинен M142 HIMARS системасынан кое берүүгө болот. 2023-жылдын октябрында Россия президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын бул ракеталарды Украинага берүү чечими кезектеги жаңылыштык болгонун белгилеген. Анын айтымында, мындай курал кошумча кооптуулукту жараткандан башка пайда алып келбейт.
Франция президенти Эммануэль Макрон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон: ЕБ Украинага орто жана алыска атылуучу ракета бериш үчүн коалиция түздү
Жаңылыктар түрмөгү
0