26-апрелге карата аба ырайы

© AFP / JUAN MABROMATAЖаан учурунда кол чатыр кармап жолдон өтүп бараткан киши. Архив
Жаан учурунда кол чатыр кармап жолдон өтүп бараткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
26-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жума күнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас жеринде +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл чөлкөмүндө +13…+18, Нарын облусунда +11…+16 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош шаарында +19…+21 градуска жетет.
Катуу жаандын астында калган киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Катуу жаан жаап, дагы сел жүрөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0