Бишкектин Чыгыш-5 аймагындагы Чүй проспектисинде кыймыл эки жума чектелет

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин Чыгыш-5 аймагы. Архивдик сүрөт
Бишкектин Чыгыш-5 аймагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Бүгүн борбор калаанын бир бөлүгүндө жылуулук түйүнүн оңдоп-түзөө иштери башталары айтылды.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Чүй проспектинин Төрөкул Айтматов менен 7-Апрель көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынан маалымдашты.
Билдирүүдө Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы жолдун бир гана тилкеси жабылары айтылган, унаалар жолдун экинчи тилкеси менен жүрө алат.
Түтүктөрдү алмаштыруу жана башка оңдоп-түзөө иштери эки аптага созулат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1989-жылы ишке берилип, 35 жылдан бери колдонулууда.
"Бишкек жылуулук түйүнү" айдоочулардан каттамдарды алдын ала пландоону, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Бишкек жылуулук түйүнү ишканасынын унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
"Бишкек жылуулук түйүнү" айрым жерлерди суу капташы мүмкүн экенин эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0