"Бишкек асфальтсервис" жол жумушчуларын ишке чакырат. Талаптары

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасын жумушчулары. Архив
Бишкек асфальтсервис муниципалдык ишканасын жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынат.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Талапка ылайык, жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынмакчы. Эмгек акы орточо 30-35 миң сомду түзөт (жасалган жумуштун көлөмүнө жараша кээде мындан да көп чыгышы мүмкүн). Ошондой эле ишканадан жумушчуларга түшкү тамак бекер берилерин билдиришти.
Жумушка орношууну каалагандар Орозбеков көчөсү, 259А дарегине саат 09:00дөн 17:00гө чейин кайрылса болот.
Сурап-билүү номерлери: 0555 888 243, 0312 371 743.
Тигүү цехтин жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
"Социалдык келишим" боюнча Чүйдө кайсы тармакта иш ачкандар көп экени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0