Жусупбек Коргонбай уулу депутаттык мандатын тапшырып берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жусупбек Коргонбай уулу. Архив
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөсү эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга макул болгон.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Маселе БШКнын 23-апрелдеги жыйналышынын күн тартибинде каралды.
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөсү эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга макулдугун берген.
Белгилей кетсек, Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Ал Жогорку Кеңешке бир мандаттуу система менен Ноокат шайлоо округунан шайланып келген. Мыйзам боюнча, эки ай ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутатын сотко берди
Жаңылыктар түрмөгү
0