Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкекте I кварталда чылым чегүүгө каршы рейдде 299 миӊ сомго айып салынды

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева тамеки чегүүгө каршы жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
2023-жылы тамеки чегүүгө каршы 70тен ашуун рейд жүргүзүлүп, мыйзам бузгандарга 1 миллион 803 миӊ сом айып пул салынды. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкекте I кварталда чылым чегүүгө каршы рейдде 299 миӊ сомго айып салынды
Анын айтымында, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери менен ээлери тамеки чегүү үчүн атайын бөлмө бөлүп, аларды санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун ченемдерине ылайык жабдышы керек.
"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы борбор калаанын төрт районунун муниципалдык администрациялары, укук коргоо органдары менен биргеликте коомдук жайларда санитардык нормалардын сакталышын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Жакында эле Бишкекте коомдук тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу эрежелеринин сакталышы текшерилди. Рейд учурунда кафе, ресторан жана башка көңүл ачуучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коомдук жайлардын ээлерин 2024-жылдын 28-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы менен ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамы, КР Укук бузуулар жөнүндө кодекси) тааныштырдык. Жогорудагы мыйзамдын 83-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерде тамеки чеккен жеке жактарга — 3000, ал эми 84-беренеге ылайык, тамеки чегүү үчүн орундарды даярдап, визуалдык маалыматтарды илип, шарт түзбөгөн жеке тарапка — 5000, ал эми юридикалык жактарга 50 000 сом айып пул салынат. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында 23 укук бузуу протоколу түзүлүп, 299 миӊ сомго айып пул салынды", — деди Сатыбалдиева.
Ал Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин, мындайча айтканда, тамеки чегүү менен кармалган жаранга айып пул салына турганын эскертерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0