Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны кайрадан өсүүдө. Статистика

© Фото / Unsplash / Bermix StudioКРВИ менен ооруп калган аял. Иллюстративдик сүрөт
КРВИ менен ооруп калган аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Адистер республикадагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин билдирди.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кайрадан өсүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Быйылкы жылдын 16-аптасына карата маалыматта (15-21-апрель) КРВИ жана грипп менен 4 406 адам катталганы айтылды. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 16,7 пайызга өскөн. Алардын 69,5 пайызы 14 жашка чейинки балдар экени кошумчаланды.
"Оору эң көп Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Баткен облустарында катталды. Мындан тышкары, өткөн аптада өлкө боюнча COVID-19дун үч учуру аныкталды. Алардын бири Бишкекте болсо, эки учур Ошто катталган", — деп айтылат маалыматта.
Департамент республикадагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи.
Баласын караган аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлүшү мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0