Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" теракт аркылуу Москва менен Душанбени араздаштырууну каалашкан

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүү"Крокус Сити Холлдогу" теракт
Крокус Сити Холлдогу теракт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Дипломат уюштуруучулар мүмкүн болушунча көп кишини өлтүрүүдөн тышкары Россияда улуттар, диндер арасындагы ынтымакка бүлүк салууну көздөгөнүн айтты.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыны уюштургандар Россия менен Тажикстан элдерин уруштурууну каалашкан. Бул туурасында РФтин Душанбедеги элчиси Семен Григорьев айтканын РИА Новости жазды.

"22-марттагы кан төгүлгөн теракт... Анын мааниси элдердин ортосуна от жагуу болгон", — деген Григорьев "Россия менен Тажикстандын учурдагы жалпы тарыхы" деп аталган тегерек столдо сүйлөп жатып.

Россия ТИМинин Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик окуу жайынын Эл аралык изилдөөлөр институтунун катышуусу менен уюштурган иш-чарасынын максаты эки өлкөнүн тарыхына карата үчүнчү мамлекеттер таңуулаган көз карашка каршы туруу жолдорун издөө болгону айтылды.
Григорьев 22-мартта Подмосковьеде жасалган террордук акт тууралуу сүйлөп жатып, уюштуруучулардын максаты мүмкүн болушунча көп кишини өлтүрүүдөн тышкары Россияда улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыкка бүлүк салуу болгонун айтты. Аны менен катар эле РФтин Борбор Азия өлкөлөрү, биринчи кезекте Тажикстан менен "достук, боордоштук жана союздаштык мамилелерин солгундатуу" максаты коюлганын белгиледи.
Дипломаттын айтымында, бул пландын бир бөлүгү эки өлкөнүн жаштарынын аң-сезиминде өткөн окуялар жана Россия боюнча атайылап одоно бурмаланган нерселерди таратуу.
"Тарыхыбыздын татаал маселелерин, анын ичинде Орто Азиянын Россия империясына кошулушун, Октябрь революциясын жана өткөн кылымдын 30-жылдарындагы репрессияларды ачык талкуулоо зарыл", — деген элчи.
Москва облусундагы "Крокус сити холлдун" концерттик залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчандар элге ок жаадырып, имаратка өрт чыгара турган заттарды ыргыткан. Россиянын ӨКМинин маалыматына караганда, кол салуудан 145 адам көз жумган, алардын арасында балдар да бар.
 Крокус Сити Холлдун терактыдан кийинки абалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
АКШ, НАТОнун кызмат адамдарынын террорчулукту каржылаганы боюнча иш козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0