Бишкекте Хан Манас кубогу үчүн дзюдо боюнча IX эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДзюдо боюнча мелдеш. Архив
Дзюдо боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген спортчулар катышары белгиленди.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте Хан Манас кубогу үчүн дзюдо боюнча IX эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 2004-2006-жылдары төрөлгөн уландар жана кыздар арасында 27-28-апрель күндөрү болот.
Ага Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген спортчулар катышары белгиленди.
Эскерте кетсек, иш-чара Бишкек мэриясы, Олимпиадалык резервдеги балдар жана жаш өспүрүмдөр мектеби, Улуттук дзюдо федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиадага катышат! Бүгүнкү жеңиштин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0