Мандатын тапшырган Эмил Жусуповдун ордуна жаңы депутат келди

© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол"Советбек Рустамбек уулу. Архивдик сүрөт
Советбек Рустамбек уулу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мандатын тапшырган Эмил Жусуповдун ордуна Жогорку Кеңешке Советбек Рустамбек уулу келди.
Бул боюнча маселе БШКнын 22-апрелдеги күн тартибинде каралып, жаңы депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Эске салсак, "Ишеним" партиясынан шайланып келген Эмил Жусупов өз арызы менен мандатын тапшырган. Жусуповдун мындай чечиминин себеби айтылган эмес.
Советбек Рустамбек уулу жеке ишкер. 2019-жылы "Алыш" күрөшүнүн вице-президенти болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Депутат Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды
Жаңылыктар түрмөгү
0