Төңкөрүш жасоого аракет кылган деп издөөгө алынган Имамидин Ташов кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен издөөдө жүргөн "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов. Архивдик сүрөт
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен издөөдө жүргөн Озтопрак (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
Атайын орган Имамидин Ташов бийликти басып алууга жарандарды азгыруу үчүн социалдык тармактарды активдүү пайдаланганын белгиледи.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен издөөдө жүргөн "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү бийликти басып алуу үчүн каршылык акциясын өткөрүү максатында убактылуу штаб уюштурууну пландап, Алматыдан Кара-Балтага келе жатканда колго түшүрүлгөн. Ошондой эле ал жарандарды азгыруу үчүн социалдык тармактарды активдүү пайдаланганы кошумчаланды.
41 жаштагы Имамидин Ташов былтыр октябрда УКМК тарабынан кармалып, кайра бошотулган. Кийин ал өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташов издөөгө алынганын билдирген..
Төңкөрүш жасоого аракет кылган Ташов менен Күреновдун тарапташтары кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Төңкөрүш жасоого аракет кылган Ташов менен Күрөновдун тарапташтары кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0